7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аскер Курулуш» ишканасы мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген

611

Аскер прокуратурасы тарабынан «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында «Ганси» техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичинен сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайылап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин натыйжасында мамлекетке 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

612