7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоо министирлиги 3,5 млн. зыян келтиргендиги аныкталды

481

Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен дары-дармектерди сатып алууда орун алган бир топ мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, коронавирус илдети менен күрөшүү иштеринин алкагында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банкынан бөлүнгөн акча каражатына дары-дармектерди, алардын катарында Лопинавир/ритонавир препараттарын сатып алуу жагы каралган. Кийин сатып алуу процедураларын жүргүзүүдө, Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан Лопинавир/ритонавир препараттары сатып алынуучу дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.
Ага карабастан, 2020-жылдын 13-апрелинде Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «М» фармкомпаниясы менен Калидавир препаратын (Лопинавир/ритонавир препараттардын аналогу) мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3,5 млн. сомго сатып алуу жөнүндө келишим шашылыш түрдө түздөн-түз түзүлүп, бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды.
Ал эми, коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды дарылоо боюнча Убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык азыркы учурда дарылоо процессин жүргүзүүдө Лопинавир/ритонавир препараттары колдонулбайт.
Андыктан, Саламаттык сактоо министрлигинин ошол маалдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы Калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3,5 млн. сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.
Жогорудагылардын негизинде, аталган факты боюнча толук жана ар тараптуу териштирүү жүргүзүү максатында чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБРге) Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

482