Кылмыш чөйрөсүндө Карагер деген ат менен белгилүү болгон 1988-жылы туулган А.А., алдамчылыкка шектелип кармалды. Буга чейин ал бир нече жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 23-сентябрында Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 1983-жылы туулган М.Д. арыз менен кайрылган. Анын даттануусунда, А.А., 2019-жылдын сентябрь айында Аламүдүн-1 кичирайонундагы батирин ага билгизбей сатып алуучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен сатып жиберген.
Бул иш Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин каттоосуна алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын аймагынан Карагер лакап аты менен таанымал А.А., Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу такталууда.