7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердик кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

1100

Президент Садыр Жапаров «КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. (2023-жылдын 14-июлунда № 137).

Мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1101