7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскерлердин сабалышы. Президент окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды

266

Президент Садыр Жапаров окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Белгиленгендей, Садыр Жапаровдун тескемеси менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Мындай чечимге 11-майда социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеотасмага тартылган аскердик тартиптин уставдык ченемдерин жана принциптерин одоно бузуу фактылары негиз болгон.

«Өлкө жетекчилиги күч түзүмдөрүндө мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоо, аскердик кызмат өтөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, анын кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды мекенчилдик жана мамлекетти сыйлоо духунда тарбиялоо саясатын ырааттуу жүргүзүп келет. Мунун фонунда аскердик кызматтын ар-намысына шек келтирген жана элдин ишенимин кетирген учурлар жол берилгис болуп саналат. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык тиешелүү органдар бул окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко тартылышы керек», — деп айтылат билдирүүдө.

267