7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Асман Эйрлайнстын» учагы Бишкек – Баткен багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

471

Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду.

Учактын алгачкы каттамын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты. Жаңы учак менен 80 жүргүнчү барды.

Ата мекендик авиакампаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, өлкө борборунан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти.

Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак бүгүндөн тарта Баткен облусуна уча баштады. Мындан ары жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.

472