Ош шаарынын №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Т.А.Э. кызматка орноштуруу үчүн көп суммадагы акча каражаты талап кылынганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
2024-жылдын 2-октябрында оорукананын башчысы өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кармалды.
Бүгүнкү күндө, Ош шаарынын №9 ҮМБнун башчысы кызмат ордунан бошотулуп, кылмышка тийиштүү адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.
УКМК Саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга каршы күрөш улантылып жатканын эскертет, ошондой эле КР жарандары медицина тармагына кайрылуу учурунда, коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, тезинен УКМКга кайрылууну сунуштайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram