Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп Руслан Акматалиев дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Тимур Файзиев Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болчу.