Жарандык активист Улан Жураев 250 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соттун 11-майындагы өкүмү менен Улан Жураев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесиндеги 2-пунктунун 3-бөлүгү боюнча (Опузалап талап кылуу) күнөөлүү деп табылган.
Улан Жураевге VI категориядагы 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 260 миң сом айып пул салынды.
Белгилей кетсек, Улан Жураев менен Мелис Аспеков ушул жылдын 8-январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.