Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 жашар бала ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-майда Жети-Өгүз райондук милициясына аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда болжол менен саат 12:32лер чамасында Кызыл-Суу айылынын 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г. аттуу тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк-ала тактары бар 3 жаштагы баланы алып келишкендиги айтылган. Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай наристе эсине келбей каза болгон.
Аталган факт Жети-Өгүз райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сокто чейинки өндүрүш башталган.
Күбөлөрдү сурамжылоонун жүрүшүндө маалым болгондой, баланы ооруканага алып келген 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Россияга иштегени кеткен.
Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12:00 чамасында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк тактар болсо, бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, бала жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алгандыгы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча 33 жаштагы М.Г. шектүү катары райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, жактоочунун катышуусунда ага денеге оор зыян келтирүү боюнча шектүү катары өтүп жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.