Бишкек- Ош унаа жолундагы жол кырсыктан каза болгондордун саны 5 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Тойота Камри менен МАН оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 жаш бала аты-жөндөрү такталууда) каза болгон.
Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 154-чакырымында турган нөөмөт тобунан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кырсыктан 4 адам каза болгону айтылган.