7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астанада Жапаров менен Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты

623

Президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 18-апрелде, мамлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты.

Жогорку деңгээлдеги меймандар үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын артисттери «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык өнөрлөрдү жана башка музыкалык номерлерди аткарышып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, казак артисттери кыргыз ырларын аткарып, ал эми кыргыз өнөрпоздору казак музыкалык репертуарын тартуулашты. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы музыкалык каада-салттар менен алмашуу эки өлкөнүн музыканттарынын аткаруулары аркылуу өттү.

 

624