7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда катуу шамалдан 5 жаран жабыркап, ооруканага жаткырылды

433

Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар.

Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен 5 адам жабыркап, 36 турак үйгө жана 6 социалдык объектиге зыян келтирилген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилген.

434