7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энелерге кайрылуу! Китеп сатып алууга шашылбаңыздар

418

Кыргызстанда жаңы окуу жылына карата китеп маселеси талкууда! Агартуу министрлиги ата-энелер менен мугалимдерди шашылбай турууга чакырды. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, китептер басылып бүтүп, мектептерге жеткирилгенче, окуучулар электрондук нускасын kitep.edu.kg сайтынан акысыз жүктөп колдонсо болот.

«Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында 1,2,5,7-класстарга окуу китептери толугу менен басылып чыгарылат. Ал эми англис тили боюнча 3-класстан 9-класска чейин жаңы китептер мектептерге жеткирилди. Өлкөдө 3 жылда китеп менен камсыздоо маселесин толугу менен чечүү пландалууда.

 «2030-жылга чейин биз китеп менен камсыздоону 100%га жеткирүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

 

 

419