7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энелерге жана окуучуларга жарык чагылдыруучу каражаттар таратылды

114

Ата-энелерге жана окуучуларга жарык чагылдыруучу каражаттар таратылды, алар 100 метр аралыкта байкалат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери «Партнер Нефть» компаниясы менен биргеликте №75 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын азайтуу, болтурбоо максатында мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине «Балдарды жол кырсыгынан сактайлы» аттуу түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүшдү.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө башкы башкармалыктын өкүлдөрү тарабынан ата-энелерге, окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча баалуу маалыматтар берилип, балдар катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер жана жалпы окуучулардын жол коопсуздугу талкууланды.

Ошондой эле түнкүсүн жарык берүүчү чыптамалар ата-энелерге жана мектеп окуучуларга таратылды.

Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен коштолгон. Ошол себептүү быйыл мындай фактыларга жол бербөө максатында жөө жүргүнчүлөдүн жана өспүрүмдөдүн коопсуздугу үчүн жарык чагылдыруучу каражаттар таратылып, рейдтик иш-чаралар күчөтүлүп, жалпы балдардын жол коопсуздугу үчүн үгүт-насаат иштери да күчөтүлүүдө.

 

115