Облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
М.К. Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду «пара» берүүгө мажбурлаган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Алынган «параны» кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.