Троекуров көрүстөнүнүнө аны менен коштошуу үчүн музыканттын балдары жана жубайы Германиядан учуп келди.
Түрдүү ушактарга карабай, Шатуновдун жубайы жана балдары акыркы сапарга узатуу зыйнатына келип, сүйүктүү атасы менен коштошту. Алар социалдык тармактагы баракчаларына «Ата, кош бол!»,- деп жазышты. Эске салсак, салтанат жабык өттү. Журналисттер ал жакка киргизилген жок.
Белгилей кетсек, мурда күнү легенда менен коштошууга 16 миңден ашуун адам келген. Салтанат саат 10:00дө башталып, түнкү саат 15:00гө чейин уланган.
Коштошуу зыйнаттары толугу менен бүткөн соң, ырчынын сөөгү кремация (өрттөлөт) болот. Юрий Шатуновдун керээзи менен күлү эки бөлүккө бөлүнөт. Бир бөлүгү Троекуров көрүстөнүнө коюлса, жарымы Германияга жөнөтүлөт.