Кылмыш иликтөөнүн жыйынтыгы менен атайылап өрттөлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
2021-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад облусундагы ушул эле аталыштагы райондун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыккан. Документтерин жок кылып, Сузак айылдык кеңешинин жана өкмөтүнүн айрым жооптуу адамдарынын акча каражаттарын уурдоого жана КРнын мыйзамдарын башка көп сандаган бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу, бул кылмышты жасагандар убагында аныкталбай калган. Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында 2023-жылдын август айында бул иш боюнча тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына алынып өндүрүшүнө киргизилген.
«Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрт коюуга уюштуруучулар менен күнөөкөрлөрдүн катыштыгы бар экени аныкталып, далилденди жана алар камакка алынды. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 000 000 сом өлчөмүндөгү зыян алар тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган»,- деп берилет билдирүүдө.
27-январда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айыл өкмөт имаратынын капиталдык ремонтуна карата иш-чарага катышып, ага Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана активтери катышты.
Белгилей кетсек, үч жылдай айыл өкмөт кызматкерлери Сузак районунун паспорт столунун шартында иштеп, алардын ишин бир топ татаалдаштырып, КРнын жарандарына ыңгайсыздыктарды алып келген.