7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атактуу аксакалдар Садыр Жапаровду колдойт!

244

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, аттуу-баштуу аксакалдар 17- декабрда Бишкектеги Кыргыз кино үйүнүн жыйындар залына чогулуп, Кыргызстандын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошту. Алар өлкөдөгү азыркы оор кырдаалдан бир гана Садыр Жапаров чыгараанына ишенишээрин билдиришти.


Жыйынга Кыргызстандын мурдагы премьер министри Апас Жумагулов, Кыргыз эл баатыры Миталип Мамытов, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Тилектеш Ишемкулов, коомдук ишмер Эмилбек Абакиров ж.б. белгилүү инсандар катышышты.

Апас Жумагулов, Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер министри: Садыр Жапаровду колдойм, өлкөгө президенттик башкаруу керек”


-Садыр Жапаров биринчи күндөн баштап эле ишин жакшы баштады. Бизге тазалык керек, ууручулукту токтотолу, уурулардан арылалы деп баштады. Элди кыйнаган эң бир орчундуу көйгөй бул коррупция. Коррупция тыйылмайын өлкө өнүгүшү кыйын. Мен көп жыл Өкмөттө иштеп, мамлекетти башкаруудагы көп маселелерди ичинен билем. Конститутциялык реформага бир эмес, бир нече жолу катышып баштан өткөргөм. Кыргызстанга президенттик башкаруу керек. Президенттик башкарууда бир гана президент жооп берет. Жоопкерчилик президентте болсо, жанындагылар да жоопкерчиликтүү болот. Премьер министрдин кереги жок деген туура эмес. Премьер министр болуш керек. Парламенттик башкаруу формасынан эл тажады. Референдумда , президенттик башкарууну эл колдоп берет деп ишенип атам.

Эмилбек Абакиров, коомдук ишмер:
“Бир муштумга биригип, Садыр Жапаровду шайлап алалы”

-Учурда өлкөдө элдин турмушу оор. Айлык акы, пенсия аз. Жарандарыбыз ошол аз пенсия, аз айлык менен кантип жашап атышат, таң калам. Биздин өлкөдө өнүгүүгө мыкты шарттар бар, канчалаган кен байлыктарыбыз бар. Ошол кен байлыктардын айрымдарын гана иштетсек, өлкөбүз гүлдөп өнүгөт. Мисалы, Сингапурду алалы. Илери Англиянын калониясында калган. Элинин саны Кыргызстандын элинен аз, 5 миллион эли бар, жер аяны да чектелүү. Жери таштак, кум, кургак, суу жетишпейт. Премьер министри Ли Куан Ю Сингапурду кандай өнүктүрдү. 30 жылдын ичинде Сингапур дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду. Мен да Садыр Жапаровду Кыргызстанды Сингапурдай өнүктүрөт деп ишенип жатам. Садыр Нуркожоевичтин айткан сөздөрү, пландары жакшы болуп турат. Кыргыз эли бир муштумдай биригип, Садыр Жапаровду шайлап алганыбыз туура.

Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
“Садыр Жапаровду эл колдойт, ал татыктуу президент болот»

Азыр биз абдан чоң окуянын астанасында турабыз. Буга чейинки президенттер ар кандай убадаларды берип, элди тил эмизип, берген убадаларын аткара албай бийликтен куулушту. Садыр Жапаров болсо туура сүйлөп, туура иш кылып атат. Сөздү да аярлап сүйлөөдө. Элге убаданы бере бербей, кептин “ток” этер жерин гана айтып атат. Садыр элди өзүнө алды. Эл Садырга аябагандай чоң үмүт артып баштады. Утурумдуу президенттин милдетин аткарып аткан учурда эң сонун иштеди. Аймактарды кыдырып элдин үнүн укту. Элдин берген ар бир суроосуна тартынбай, тайсалдабай ачык жооп бере алды. Мынакей эми президенттике талапкер болуп үгүт иштерин да касиеттүү “Манас” ордодон баштады. Садыр Жапаровдун тандап алган багыты, жолу абдан туура болууда. Эл колдойт, татыктуу президент болот.


Миталип Мамытов, Кыргыз Эл баатыры:
“Садыр Жапаровду колдойм, ага батамды бердим”

Садыр Жапаров президент болоор алдында ага батамды бергем. Ал президент болууга жөндөмдүү, татыктуу жигит. Жашы да туура келет. Элдин көбү азыр кары жашы бирдей Садырды колдоп жатат, демек, Садыр Жапаровду президент кылып шайлап алалы.


Садыкбек Аблесов, коомдук ишмер:
“Садыр Жапаров бир айда жакшы иштеп өзүн көргөзө алды”

-Садыр өзү популизмге алдырбаган жигит. Премьер-министр болуп бир айда эле өзүнүн жакшы жагын көргөздү. Азыркыдай катаал заманда президенттикке калыс, мунаса жарата турган талапкер керек. Конституцияны өзгөрткөнү да туура. Праламенттик башкаруудан жыргаган жокпуз. Татыктуу талапкер!

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көч; 53

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 18-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

245