7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атасы абакта. Наристесин таштаган келин баланын атасы тууралуу айтты

556

Борбор калаанын Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кеткен келин менен акыйкатчынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

“Келин үй шартында төрөгөн. Ата-энеси кош бойлуу экенинен кабары болгон эмес. Баланын атасы абакта отурган киши экенин айтып берди” – деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамила Жаманбаева бул иштин тергелишин жеке көзөмөлүнө алды.

Аябай үшүп калган абалда табылган ымыркай азыр ооруканада реанимацияда жатканы, ага бронхопневмония деген диагноз коюлгандыктан антибиотик берип жатышканы маалымдалды.

Бүгүн 20 жаштагы келин үй камагына кое берилди.

557