7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жол менен ташылып келаткан жүк кармалды (ВИДЕО)

783

Тийиштүү документтери жок аткезчилик жол менен жүк ташыган унаалар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда “Элдик Кошун” аталган элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте жалпы салмагы 23,5 тонна минералдык жер семирткич (нитрат) жана 9000 литр күн карама майы менен К.Н. аттуу жардын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” жана Н.М.нын башкаруусундагы “Scania” үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалды.

Тиешелүү документтерин текшерүү учурунда жүктөрдү коштоочу документтерде минералдык жер семирткичтер гана көрсөтүлүп, өсүмдүк майы селитра салынган мүшөктөрдүн астына катылгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, М.Э.нын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа Раззаков шаарынан Лейлек районунун Арка айылын көздөй “Самаркандек-Маргун” айланма жолунда Тажикистанга өткөрүү үчүн 3,5 тонна эт фаршын жүктөп бара жаткан жеринен кармалган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784