Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич бүгүн, 16-июндан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, аталган тескеме менен Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.