7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Авариялык абалда конгон учакта 14 адам болгон, 1 жарандын абалы оор

885

Кечээ, 4-июнда авариялык абалда конгон учактан жабыркаган бир бейтаптын абалы оор.Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ар түрдүү деңгээлдеги күйүк алган 5 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө, бирөө травматологияга, 3 адам нейрохирургияга жаткырылган. Бир жабырлануучунун абалы оор деп, төрт жабырлануучу орто оордукта, дагы төртөө салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 5 жабырлануучу биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аскердик госпиталга жөнөтүлгө.

Эске салсак, кечээ Ош облусунун Ноокат районунда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы конууга аргасыз болуп, авариялык абалда конгон. Каттуу конгондон улам учактан өрт чыккан.  Учактын ичинде учкучтар менен бирге 14 адам болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886