Австралия өкмөтү 16 жашка чейинки балдар үчүн YouTube платформасына чектөө киргизди.
Чет элдик басылмалардын жазышкандарына караганда, жаңы мыйзамга ылайык, TikTok, Instagram, Facebook, X жана Snapchat платформалары менен бирге YouTube да 16 жашка чейинкилер үчүн аккаунт ачууга тыюу салынган платформалардын катарына кошулат.
Балдар YouTube видеолорун көрө алышат, бирок видео жүктөй алышпайт жана платформада өз ара аракеттене алышпайт.
Аталган мыйзам боюнча Google компаниясы билдирүү жасап, YouTube балдарга “пайда жана баалуулук алып келет, аны социалдык медиа катары кароого болбойт” деди.