Бишкекте автобустун айдоочусу 2 адамды сүзүп, бирөө каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-октябрда саат 14:30 чамасында 1968-жылы туулган айдоочу №48-маршруттук каттамда жүргөн ZHONGNONG үлгүсүндөгү автобус менен Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жөө өтмөктөн эки адамды сүзүп алган.
Автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр дагы кулаган. Натыйжада 1939-жылы туулган жөө жүргүнчү окуя болгон жерден өзүнө келбестен каза болгон. Жабыркагандардан дагы бирөө баш мээси чайкалып, Улуттук ооруканага жаткырылган. Ал эми автобустун ичинде кулаган 1997-жылы туулган жүргүнчү дагы ооруканага кайрылган.
Учурда тийиштүү экспертизалары дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.