7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автоунаа уурдап качып бара жаткан шектүү бакты сүзүп алып, из жашырган

217

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Н.Д. аттуу жаран 2020-жылдын 28-декабрында саат 21:30 чамасында Бектенов көчөсүндөгү жеке үйдүн короосунан 245,640 сомдук “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз түрдө ээлеп алган белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Шектүү андан кийин ал белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факт Октябрь РИИБнин Кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Издөө-издөө иш-чараларынын алкагында, Октябрь РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган жаран Ш.Р. аттуу жаран кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ал жерден Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка шектүү Ш.Р. кылмыш болгон учурда алкоголдук мас абалында болгон. Андан кийин, Ибраимов көчөсү менен түндүк багытта келе жатып, рулду башкара албай, бакты сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Учурда тергөө иши уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

218