7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автоунаасын 18 миң 500 долларга сатып алам деп из жашырып кеткен жаран кармалды

1757

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда С.М. аттуу жаран, ушул жылдын май айында алдоо жолу менен Lexus ES250 автоунаасын 18 миң 500 долларга сатып алам деп ошол бойдон из жашырган Т.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 1981-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1758