7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдар үй жумуштарына күнүнө канча саат коротушат?

685

Жыл сайын республикада 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат.

  • Кыргызстанда үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз жана убакыттын суткалык фондунун 4 пайызга жакын түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.
  • Ошол эле учурда айыл жана шаар жерлериндеги аялдардын ортосунда олуттуу айырма бар. Айыл жериндеги аялдар шаардагы аялдарга салыштырмалуу үй жумуштарына 1,3 эсеге көп убакыт коротушат. Алсак, айылдарда иштеген аялдар күнүнө орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат убакыт сарпташат.
  • Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686