7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдын моюнунан алтын чынжырчасын жулуп алып, качып кеткен жаран кармалды

689

Аялдын моюнунан алтын чынжырчасын жулуп алып, качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-сентябрь күнү кечинде, Ош шаарынын тургуну 2000-жылы туулган Т.Б аттуу аял кишинин моюнундагы алтын чынжырчасын (цепочка) белгисиз атуул жулуп, качып кеткен.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунан убактылуу Ош шаарына келип, ар кайсы батирде жашап жүргөн 1984-жылы туулган Н.Н. кармалды.

«Шектүү кармалган учурда уурдалган алтын чынжырча анын чөнтөгүндө болгон. Сатууга үлгүрбөй калгандыгы аныкталып, ээсине кайтарылды. Ал мурда адам өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп келген. 12-сентябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө аяктаганга чейин, 2 ай абакта кармоого санкция берилди»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690