7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдын телефонун күч менен тартып алган УКТ мүчөсү кармалды

595

Бишкекте талап-тоноого шектелген, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгисиз адам күч колдонуп, борбор калаанын тургунун коркутуп 20 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган. Окуя ушул жылдын июлунда болгон. Белгисиз адам андан кийин телефонду күрөөканага күрөөгө койгон.

Жабырлануучу милицияга үстүбүздөгү жылдын ноябрында гана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттер боюнча чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү «Тоноо» менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген жаран 7-декабрда кармалган, ал Нарын облусунун 1983-жылы туулган С.К. аттуу жараны.

Алынган маалыматтарга караганда, кармалган жаран кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманып, мурда бир нече жолу соттолгон, анын ичинде оор кылмыш жасаган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

 

596