7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялы, балдары бар экенин жашырган. Акимчиликтин кызматкери интернеттен таанышкан өспүрүмдү зордуктоого шектелүүдө

1687

Казакстандын Костанай облусундагы Лисаковск акимчилигинин кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерине өспүрүмдүн апасы кайрылып, ички саясат бөлүмүнүн башчысынын үстүнөн арызданган.

Шектүү кыз менен социалдык тармак аркылуу таанышып, аны сүйүп калганын билдирген. Ал өз ишин бүтүргөн соң, дагы башка кыздар менен таанышууну улантып жүргөн. Ал үй-бүлөөлү болгон. Бирок өздүк баракчасына жашын, аялы жана балдары бар экенин ачыктаган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесинин 3-1-бөлүмү (жашы жете элек кызды зордуктоо) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1688