7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялын муунтуп өлтүрүп, короосуна көмүп койгон

721

Сузак районунда 31 жаштагы эркек жаран 25 жаштагы аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат  кызматы билдирди.

Шектүү кызганычтан улам жубайын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган. Факты үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө амалдары жүргөн. Тергөөнүн натыйжасында Киров айылында шектүүнүн үйүнүн короосунан аялдын сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722