7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары жайкы эс алууга жөнөтүлдү

295

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жайкы ден соолук кампаниясынын алкагында аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымын эс алууга жөнөтүүнү жеке өзү көзөмөлдөдү.

Балдардын эс алуусу 10-июндан башталып, 22-июлга чейин уланат. Биринчи агымга Чүй облусунан, Бишкек шаарынан, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 500 бала жөнөтүлүүдө.

Жалпысынан программада 6 агым пландалууда, ага 1200 бала – 1000 өспүрүм жана 200 майыптуулугу бар балдар кирет.

Ар бир агым сөзсүз түрдө майыптуулугу бар балдарды камтыйт. Программа жайкы мезгилде калктын социалдык аялуу катмарындагы балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун колдоого багытталган.

«Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, майыптардын, камкордукка алынган, жетим балдардын, ошондой эле өзгөчө камкордукка муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жайкы эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруп келет», — деди Равшанбек Сабиров.

296