7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аёосуз кармаш. Россиядагы Навальныйды колдоо митингинде бир топ эл өкүлдөрү камалды

289

Россиянын көптөгөн аймактарында оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митинги өтүп жатат. Башаламандыктын эң эле чокусу катары Москва, Якутск, Иркутск жана Хабаровск ж.б. шаарлары болуп эсептелинет. Буга ылайык, милиция кызматкерлери, ОМОНдор кечээ эле даярдык көрүп башташкан.

Бийликтин кысымы Навальныйдын бир нече аймактарындагы штабдарынын координаторлорун камоо менен башталды. Сот тарабынан 20.2-берененин 2-бөлүгүнө ылайык «бийлик менен макулдашылбаган коомдук иш-чараны уюштуруу», социалдык тармактардагы элди митингге үгүттөө араркеттери боюнча үч күндүк административдик камакка алуу чечими чыгарылган.

Алгач кармоо Москвадагы штабдын координатору Олег Степановдон башталган. Аны үйүнүн алдынан кармап кетишкен, ал эми Перм шаарындагы штабдын жетекчиси Сергей Ухов дагы ошол эле убакытта кармалган. Көп өтпөй Владивостоктогу штаб жетекчиси Екатерина Ведерникова да кармалганы белгилүү болгон.


Митингге эл менен кошо чыккан айрым аймактардын губернаторлору, жергиликтүү депутаттар, эл өкүлдөрү жана депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн оппозиционерлер да камакка алынды. Айрым тургундарды күч колдонуп сабап, унааларга салып кетип жаткандарды көрүүгө болот.

Владивостокто өтүп жаткан оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо нааразычылык митингине журналист Юрий Дуд дагы келген. Ал шаарга башка себептер менен барган бирок ага карабастан жарандык позициясын билдирүүнү чечкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

290