7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифтери төмөндөтүлдү

1117

Аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифтери төмөндөтүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы бүгүн, 6-декабрда «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Эске салсак, Садыр Жапаров буга чейин, 26-ноябрда Коопсуздук кеңештин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырган.

Бул Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

«16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө эсептелсин», — деп жазылат жарлыкта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1118