7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрынын директору болуп дайындалды

1910

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон.

Азамат Болгонбаев буга чейин «Айтыш» коомдук фондунун жооптуу катчысы, директору, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун солисти, «Салттуу музыка» коомдук фондунун аткаруучу директору, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү, төрагасы жана башка бир катар кызматтарда иштеген.

Билими жогорку. Б. Бейшеналиева атындагы КММИнин салттык музыка жана фольклор кафедрасын аяктаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1911