…Аттиң арман дүнүйө, куудулдардын алпы, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмери, кайталангыс талант, кайталангыс дос, кайталангыс жазма акын, кайталангыс сатирик, Рахман Разыковдон айрылып калдык!
Кечее, саат 14:00 дө телефондон Рахман досум менен көпкө сүйлөшүп, Диля менен бакылдашып, алар жаткан оорууканага, «кызыл зонага» барып, тамак-ашымды киргизип, » Менден кандай жардам керек»- десем, «баары жакшы, жардам керек болсо айтам «- дедиң эле…
Көрсө баары жакшы болбой калган экен.Чын дүйнөгө шашып кете бериптирсиң. Диля алтыным, кайрат кыл, аза кайгыңды тең бөлүшөмүн. Аллахтын айтканынан кача албайт экенбиз. Жаратканым досумдун акыретин абад , топурагын торко, ыйманын саламат кылсын! Бейиштен орун берип, фирдаус багын насип этсин!», -деп жазат эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова.
6-июнь, Рахмат Разыковдун акыркы сүрөтү.