Бүгүн 7-июнда Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинин жанында Азия чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылган ИИМдин атайын багыттагы «Шумкар» полкунун спортчуларын тосуп алуу иш-чарасы өттү.
Алар 3-6-июнь күндөрү Ташкентте өткөн күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилигинде күмүш жана коло медаль уткан ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Нурисбек Бекбердиев жана Бекболсун Керимбековдор. Бул кызматкерлер 88 жана 98 кг салмакта күч сынашышкан. Спортчуларга ак калпак, чепкен кийгизилип, кыргыздын желегин алдыда дагы дүйнөлүк биринчиликтерде желбиретүү тилектери айтылды.
Азия чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчулар жетишкен ийгиликтери үчүн салым кошкон КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын командири, милициянын подполковниги Равшан Кожобековго, машыктыруучулары Замир Раев жана Нурбек Самидиновго ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошону менен бирге Жалал-Абад ОИИБдин имаратында милициянын генерал-майору Т.Субановдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча ИИМдин чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлер сыйланышты.
Андан соң “Погончон айым” аталышындагы сулуулук сынагына катышып, “Мисс Смелость” наамына ээ болгон ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Күмүшай Орозкулова сыйланды.