7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас абалында камерага түшүп калган сот: Бул ишемби, жумуш эмес күн болчу

9837

Анын айтымында, бул бир жыл мурунку видео. Бул болжолдуу ишемби 4-июль болгон. Дамир Оңолбеков ошол күнү ичкенби же ден-соолугуна байланыштуу теңселип жатканбы, эсинде жок экендигин айтат.

«Биринчиден, бул былтыры июль айында болгон. Ошол кезде бүтүндөй сот тутуму иштеп жаткан, биз баарыбыз жумушта болчубуз. Бул ишемби, жумуш эмес күн болчу. Экинчиден, менин жүрөгүм ооруйт, каарылыктын белгиси. Бул кандайча болгонун билбейм, балким, өзүмдү жаман сезгендирмин, кээде давления болуп турам. Төрт жылдан бери мен таптакыр эс алган жокмун. Азыр актанып же шылтоо айтып олтурбайм», — деди Оңолбеков.

Оңолбеков Президенттин «Сот жумушка дайыма мас абалында барат»- деген сөзүн четке какты. Ошону менен бирге кандай болгон күндө дагы президенттин багытын колдой тургандыгын айтты.
Ал эски видеону азыр кимге жана эмне үчүн жалпыга ачык жарыялоонун зарылдыгы жөнүндө комментарий берген жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9838