Президент Садыр Жапаров 9-июнь Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
3 күнгө пландалган иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүудө.
Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.
Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышат.
Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.