7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азамат Паизов «Жалалабатэлектро» ААКсынын башкы директору болуп дайындалды

747

Директорлор кеңешинин чечими менен Азамат Паизов «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Паизов буга чейин аталган компаниянын ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган.

Ал эми «Жалалабатэлектро» ААКнын кызматтан бошотулган башкы директору Дурусбек Рахманов Жалал-Абад район электр тармактар ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

«Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды.

«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому облустагы 242 миңден ашык керектөөчү кызмат көрсөтүп, анда 1489 кызматкер эмгектенет

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

748