7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжан Кыргызстанга 10 өрт өчүрүүчү унаа берди

161

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан өлкөсүнүн 10 өрт өчүрүүчү техникасы салтанаттуу тапшырылды.

Тапшыруу салтанатында министр Бообек Ажикеев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддинди жылуу кабыл алып, түрк тилдүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтыгы достук маанайда өнүгүп келгендигине жана дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн жаралган өзгөчө кырдаалдардын коомчулукка тийгизген таасирине токтолду.

“Бүгүн гуманитардык жардамга келген техникалар менен өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн потенциалын жогорулатып, адам өмүрүн сактап калууга өбөлгө болчу кубанычтуу иш-чаранын күбөсү болуудабыз. Азербайжан берген ондогон өрт өчүрүүчү унааларды алдык. Бул саамалык өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюуда бир топ жеңилдик берет”, — деген Ажикеев эки өлкөнүн куткаруучуларынын кызматташтыгы мындан ары дагы бекемделерин айтты.

Ал эми Азербайжандын элчиси кыргызстандык куткаруучу- өрт өчүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, түрк тилдүү өлкөлөрүнүн достук байланышын бекемдөөгө данакер болууга, өлкөлөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга токтолду.

162