7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжанда бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды

156

Кечээ, 25-декабрда Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.

«Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжан Республикасынын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим», — деп айтылат президенттин буйругунда.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-декабрда J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан «Азербайжан аба жолдоруна» таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын 16 жараны бар экендиги айтылып, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 28 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылууда.

157