7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажыга барчулар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүдө

578

Кыргызстанда ажыга баруучулар эмделүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында 2022-жылы ажылыкка баруучуларды эмдөө иштери башталган.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, ажылыкка катышуу үчүн 2022-жылы 2766 квота бөлүнгөн.

Ажылыкка чыккандар үчүн виза алуудагы негизги талаптар:

1. Ажыга баруучулардын жашы 65 жашка чейин;

2. COVID-19га каршы эмдөө алуу;

3. Өлкөдөн чыкканга чейин 72 сааттын ичинде COVID-19га тесттин терс жыйынтыгы тууралуу сертификаттын болушу.

Эскерте кетсек, исламда COVID-19га каршы эмдөөгө уруксат берилген.

Сауд Арабия Королдугу тарабынан белгиленген шарттарга ылайык, ажылыкка баргандар эмдөө тууралуу сертификатты көрсөтүүгө тийиш.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579