7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакиевдин Бишкектеги үйү майыптыгы барлар үчүн реабилитациялык борбор болмокчу

701

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор ачыларын билдирди.

Министр бул максаттарга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу 519 жана 521 дарегинде жайгашкан үйү болгон жайлар өткөрүлүп берилерин айтып, майыптардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өлкөдө болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалып жатканын билдирди.

«Президенттин жарлыгы менен биринчи жолу чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга жөлөк пулдар, ошондой эле өзгөчө балдарын багып жүргөн ата – энелерге жеке жардамчыларга төлөмдөр көбөйтүлдү. 1-июндан баштап жеке жардамчынын кызматын балдар гана эмес, 18 жаштан жогору ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар да ала алышат. Бул жайларды өткөрүп берүү аяктагандан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн акысыз реабилитациялык борбор ачуу ишин баштайбыз. Өзгөчө баласы бар ар бир үй-бүлө жеке кызматтарга акы төлөй албастыгын баарыбыз билебиз. Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызматтарды акысыз көрсөтөт. Борбор бир эле учурда 100гө чейин баланы кабыл ала алат», — деди Кудайберген Базарбаев.

Бүгүн Кыргызстанда 32 миң майып бала жашайт. Министрликте өлкө боюнча заманбап реабилитациялык борборлорду ачуу ведомствонун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702