7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия Кубогунда «Ак шумкарлар» Таиланд менен беттешет. Атаандаштар тууралуу эмне белгилүү?

552

Эртең, 16-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун «F» тайпасында Таиланд-Кыргызстан беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Ушул тапта Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнирдин алкагында «Ак шумкарлар» өз тайпасында кез келчү алгачкы Таиланд командасы өз тарыхында Азия Кубогунда жети жолу ойногон.

Кыргызстан жана Таиланд Улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш тарыхта бир гана жолу – 2001-жылы өткөн. Аталган жылдын 30 январында орун алган оюнда атаандаштар өз үйүндө 3-1 эсеби менен биздин курамабызды жеңип алган.

Атаандаштар тууралуу дагы эмнелер белгилүү?

  • ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги боюнча Таиланд курамасы 113-орунду ээлеп келет;
  • Азия Кубогун Таиланд 1972-жылы кабыл алып, анда команда 3-орунду ээлеп, өзүнүн эң мыкты көрсөткүчүнө жеткен;
  • Таиланд курамасы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү арасында өткөрүлгөн АСEAN чемпионатын жети жолку чемпиону аталган;
  • Команданын эң мыкты бомбардири жана оюндардын саны боюнча рекордчусу Киатисак Сенамуанг болуп саналат. Ал 134 беттеш өткөрүп, 71 гол киргизген.
  • Учурда Таиланд курамасын жапониялык адис Иши Масадата жетектейт, ал башкы машыктыруучу кызматына өткөн жылдын ноябрь айында дайындалган. Бирок, ага чейин адис кураманын техникалык директору болуп эмгектенип келген.

Катардагы Азия биринчилигине даярдыгынын алкагында таиландтыктар Японияга каршы расмий жолдоштук беттеш өткөрүп, анда 5:0 эсеби менен жеңилип калышкан.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт. Турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

553