7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоламан Шаршенбеков кореялык балбанды жеңип, жарым финалга чыкты

564

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Азия оюндарына кыргызстандык спортчу 8/1 финалдан тарта катышып, 60 кг салмак категориясында беттешүүдө.

Шаршенбеков алгач тажикстандык Асламджон Азизов менен кез келип, аны 8:5 эсебинде утуп алды. Андан соң кыргыз балбаны кореялык Чон Ханджеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 9:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен беттешет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565