7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн «Абдыш-Ата» клубу «Тайчун Футуро» менен беттешет

429

Канттык «Абдыш-Ата» клубу бүгүн АФК Кубогунун интерзоналдык финалында кытайлык Тайбэйдин «Тайчунг Футуро» клубуна каршы жооптук беттеш өткөрөт.

Беттеш Гаосюндун «Наньцзы» стадионунда саат 14:00дө башталат.

Эске салсак, канттык клуб турнирдин тайпалык баскычын ийгиликтүү жыйынтыктап, плей-оффко чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду. Интерзоналдык биринчи «Абдыш-Ата» – «Тайчунг Футуро» беттешинде, ата-мекендик клуб өз атаандашын 5-0 эсеби менен жеңген.

Аталган жуптун жеңүүчүсү интерзоналдык финалга жолдомо алат. Жеңген клубдун потенциалдуу атаандаштары – «Одиша» (Индия) жана «Централ Кост Маринерс» (Австралия). Аталган командалар интерзоналдык жарым финал алкагында биринчи беттеш өткөрүп, анда 4-0 эсеби менен австралиялык клуб жеңип алган. Командалардын жооптук беттеши 14-мартта орун алат.

430