7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиоанатында килемге чыгат

756

Бүгүн, 3-ноябрда балбан кызыбыз Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 1-7-ноябрга чейин Белград шаарында өтөт. Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгач Эквадордон келген Генесис Вальдес менен беттешет.

Өлкөбүздүн атынан эки спортчу аттанып, эртең балбан Назира Марсбек кызы (57 кг) килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757