Бүгүн, 22-январда Бишкекте 23 көчөдө электр жарыгы өчүрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат «Түндүк электр» ишканасынын сайтында айтылат.
Бул күнү адистер айрым трансформатордук көмөк чордондорго автоматты орнотуу, электр линияларына тоскоолдук кылган ба-дарактардын бутагын кесүү, профилактикалык жана башка жумуштарды жүргүзүшөт.
Маалыматка ылайык, жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- 08:30дан 12:00гө чейин — Фатьянов көчөсү;
09:00дөн 13:00гө чейин №88 орто мектеби;
09:00дөн 16:00гө чейин Нарв көчөсүндө (№62Б, 62Г, 62Д турак үйлөрү);
09:00дөн 17:00гө чейин Малдыбаев көчөсүндө (№2 турак үйү);
09:30дан 14:00гө чейин Аламүдүн-1 кичи районунда (№16-21, 29, 29а, 30 турак үйлөрү);
09:30дан 17:00гө чейин Медеров, Бектенов, Скрябин көчөлөрүндө, Днепропетровск, Бий кууш көчөлөрүндө жана Ялта, Пархоменко, Жалил жана Садовая көчөлөрүндө;
09:30дан 18:00гө чейин Ак-Ордо конушунда (Гагарин көчөсү жана Бар-Булак);
10:00дөн 17:00гө чейин Табачная, Ибраимов жана Күрөңкеев көчөлөрүндө;
10:30дан 12:00гө чейин Чехов жана Кулатов көчөлөрүндө;
13:00дөн 15:00гө чейин Ош жана Ашхабад көчөлөрүндө;
13:00дөн 16:30га чейин 4-кичи районунда (8, 30а, 43, 44, 46-49, 46/1 турак үйлөрү);
13:00дөн 17:00гө чейин Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде.